Редакцияот 28.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XХVI сессиясы

 

2018-жылдын 28-декабры №103

Кадамжай шаарындагы №7 “Росинка” балдар бакчасына үлүштүк грант аркылуу терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын үлүштүк грант аркылуу шаар аймагындагы №7 “Росинка” балдар бакчасынын эскилиги жеткен терезелерин заманбап пластик терезелерге алмаштыруу боюнча сметасын жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү жана жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын №7 балдар бакчасынын терезелерин заманбап пластик терзелерге алмаштырууга 1463050 (бир миллион төрт жүз алтымыш үч миң элүү) сомду түзгөн сметалык долбоордун 31% өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 463050 (төрт жүз алтымыш үч миң элүү) сом акча каражаты 2019-жыл ичинде ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Абдраимов