Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талды-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №16/3

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин 1 471,8миң сом калдык акча каражаттын 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык,Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражаттын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Талды-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Апиеванын жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 1 471,8миң сом калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. Айылдык Кеңештин отурумунда талкууланган 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 1 471,8миң сом акча каражаты, 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Тѳрайым

Э.Эргешбаева