Редакцияот 18.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 10-октябры №11/13

Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды түзүү максатында Кара-Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча төмөндөгү депутаттык жумушчу курам бекитилсин:-

1. Аттокуров Жылдызбек:- сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

2. Т.Жаанбаев :-он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

3. С.Суранбаев:- жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

4. Аматбек уулу Сүймөнкул:- жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

5. А.Абазов:- алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун айылдык кеңешинин депутаты.

 

2. Депутаттык жумушчу курам айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары менен маалымат даярдап, айылдык кеңештин сессиясына сунушташсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Тѳрага

Б.Саипов