Редакцияот 26.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2018-жылдын 26-октябры №5-9

С. Юсупова айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Араван районунун прокуратурасы тарабынан айылдык Кеңешинин кабыл алган укуктук актылары окулуп чыгылып, жыйынтыгында айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2001-жылдагы №571 сандуу токтому менен бекитилген типтүү жобонун 29.01.2018-жылдагы редакциясынын 7-пунктуна ылайык келбегендигине байланыштуу, аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча талап кылынган кыршылык билдирүүнү жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван районунун прокуратурасына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу сессиянын катчылыгына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.Нарматов