Редакцияот 16.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы

 

2018-жылдын 16-марты №2-17

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетине кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө

 

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин башчысы Ж. Мамитовдун айыл өкмөтүнө караштуу болгон алыскы жайыттарга, тактап айткан Ноокат районунун Шаңкол, Арча-Мазар, Кошча, Күндөлүк, Достор ата жана Чөгөм жайыттарына өтө алыста жайгашкандыкдан, аталган жайыттарга баруу үчүн атайын кызматтык автоунаа сатып алуу зарыл экендиги жөнүндө билдирүүсүн жана жайыт пайдалануучулар комитетинин мүчөлөрүнүн 26.02.2018-жылдагы отурумунун токтомун карап чыгып, С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат

ТОКТОМ:

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-2019-жылдардагы бюджетинин эсебинен Жайыт пайдалануучулар комитетине кызматтык автоунаа катары ВАЗ-21214 үлгүсүндөгү “Нива” автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.

 

Тѳрага

К.Нарматов