Редакцияот 16.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXIII сессиясы

 

2017-жылдын 16-февралы № 7

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен Крупская атындагы орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2017-жылдын бюджетиин эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин ашканасын Азык-Түлүк программасы боюнча ремонттон өткөрүү үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 300 000 (үч жүз мин) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага

А. Гафаров