Редакцияот 20.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

 

2019-жылдын 20-февралы №117

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин химия биология мугалими Жапаркулова Бүбүбатмага ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун эске алынып, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы №35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин химия биология мугалими Жапаркулова Бүбүбатмага ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берилсин.

2. ”Кызыл-Өзгөрүш айылынын ардактуу атуул” наамын берүүдө тиешелүү иш кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Тѳрага

Э.Сагынбеков