Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-февралы №16-4
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишим берүү сунушун карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишим түзүлсүн .
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Шакиев |
|