Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-январы №65
Көтөрмө айылындагы бош көчөгө Усманкулов Абдумаликтин ысымын берүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айылындагы бош көчөгө Усманкулов Абдумаликтин ысымы берилсин.
2.Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
4.Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Тѳрага | У.Бучуков |
|
Торкен айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жыл ичинде бюджеттин аткарылышы жана 2019-жылга бекилүүчү бюджети тууралуу маалыматы.
Урматтуу өкмөт башчы ,төрага жана депутаттар!
Сиздерге 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат берип кетейин.
2018-жылга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинде толуктоочу грант 7411,9 миң сомго, өздүк каражат 3848,0 миң сомго айылдык кеңештин сессиясында бекитилген.
Жалпысынан айыл өкмөт боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилди:
| Кирешенин түрү |
|
1 | Теңдөөчү грант | 7411,9 |
2 | Жергиликтүү бюджет | 3848,0 |
3 | анын ичинде атайын каражат | 700,0 |
Жалпысы | 12361,7 |
Аткарылышы боюнча жергиликтүү бюджет 4320,6 миң, теңдөөчү гранд 9197,7 сомго жалпы 13655,7 миң сомго аткарылган. Башкача айтканда өздүк киреше 472,6 миңге, теңдөөчү гранд 1785,8 миң сомго ашыкча түшкөн.
Жалпысынан эмгек акысына 5413,8 миң сом, социалдык чегерүүгө 860,7 миң сом, кызматтык сапар чыгымдарына 307,7 миң сом, байланыш кызматына 15,2 миң сом, кызматтык транспорт чыгымына 134,9 миң сом, башка тейлөө кызматтарын алууга 1710,0 миң сом, мүлктү учурдагы оңдоого 358,7 миң сом, учурдагы чарбалык максаттар үчүн 722,4 миң сом, электр энергиясына акы төлөөгө 1127,7 миң, көмүр сатып алууга 315,0 миң, резервдик фондго 123,6 миң, социалдык жеңилдиктерге 491,4 миң, согуштун катышуучуларына эстелик жасоого 390,2 миң сом, Хова автомашинасынын өздүк салымына 510,0 миң, Т.Ашыралиев музейине эмерек сатып алууга 89,8 миң, Кара-Жыгач балабакчасынын крышасына 90,9 миң, Көкүрөк участкасына столбага 170,2 миң, Көтөрмө клубдун ограждениясына 72,6 миң сом, айыл өкмөткө караштуу мекемелерге орт өчүрүүчү каражат үчүн 32,0 миң сом жумшалды. Атайын каражат боюнча маалымат спец фонддон 900,0 миң Погрузчиктин өздүк салымы үчүн, Кара-Жыгач айылынын кичи футболдук аянчасына 953,0 миң, Көтөрмө ФАПтын ремонтуна 500,0 миң, Бостектир каналынын ремонтунун документациясына 500,0 миң, жалпы 2853,0 миң сом түшкөн, Футболдук аянчасына газон төшөөгө 839,0 миң, Борцовый залдын АПУ, ИТУ, топосхъемкасына 19,8 миң, футболдук аянчага отургуч жана ажаткана курууга 46,0 миң, жалпы 904,8 миң, үнөмдөлгөн каражат 48,2 миң сом, Көтөрмө ФАПтын ремонту бүтпөгөндүгүнө байланыштуу 314,8 миң которулуп, 185,2 миң сом счетто турат. Бостектир каналынын ремонтунун АПУ, ИТУ, Топосъемка, гос актылыры үчүн 51,0 сом которулуп, калган 449,0 миң сом счетто. Негизинен 2018-жылга аткарылган жумуштар ушундай.
2019-жылга жергиликтүү бюджет 4941,0 миӊ сом, ал эми республикадан түшүүчү теӊдѳѳчү гранд 8610,9 миӊ сом, атайын каражаттан түшүүчү киреше 900,0 миӊ сом жалпы бюджет 14451,9 миӊ сомду түзѳт. Айыл ѳкмѳт боюнча баардык мекемелердин 2019-жылга берген билдирүүлѳрүнүн негизинде тѳмѳндѳгүдѳй долбоорду сиздерге сунуштайм.
Токтогул районунун Торкен айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылга
бюджетинин киреше бѳлүгүнүн эсептелиши
№ | Кирешенин аталышы | Баардыгы |
1 | Агенттиктен түшкѳн киреше салыгы | 1880,0 |
2 | Патент | 238,0 |
3 | Физикалык салык | 163,0 |
4 | А.ч. багытталган жер салык | 490,0 |
5 | А.ч. багытталбаган жер салык | 122,0 |
6 | Сатуудан салык | 150,0 |
7 | Транспорт ээлеринен алынган салык | 453,0 |
8 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 5,0 |
9 | Ижара акы ФПС | 800,0 |
10 | Жайыттардын ижара акысы | 410,0 |
11 | Лицензия кармаганы үчүн | 20,0 |
12 | Роялти | 210,0 |
|
|
|
| Жергиликтүү кирешенин суммасы: | 4941,0 |
| Атайын каражаттан түшкѳн салык | 100,0 |
| Ата-энелер взносу | 800,0 |
| Теңдѳѳчү грант | 8610,9 |
| Жалпы киреше | 14451,9 |
|
|
|
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИ 2019 - жылга – 4941,0
РАЗДЕЛ | СУММА |
Аппаратка | 2318,0 |
Клубга | 217,0 |
Библиотекага | 125,5 |
Мектептер | 408,5 |
Бала-бакчага | 829,5 |
Жеңилдиктерге | 632,5 |
Жайыт комитетине | 410,0 |
Жалпы | 4941,0 |
ТЕНДӨӨЧҮ ГРАНТ – 8610,9 АППАРАТ