Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 01-августу №17/1
Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Кеңеш айыл аймагынын 2018-жылынын баш оона айынын 01-деги № 48-буйругунун негизинде бекитилген , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кеңеш айылдык аймагынын Кеңеш ,Пор калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кенеш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдаган материалдары жактырылсын.
2. Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдаган материалдары Кара-Кулжа райондук амалектеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3.Токтомду көзөмөлдөөгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | М. Пусурманкулов |
|
|