Редакцияот 24.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз XXXVI сессиясы

 

2018-жылдын 24-декабры №36/5

Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги жер аянттарын берүү комиссиясы жөнүндө

 

Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXV-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571-токтому менен бекиген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү Жобосуна” ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 09.08.2018-жылдагы №243-буйругу менен түзүлгөн Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын менчик же ижара укугун берүүгө карата комиссия бекитилсин.

2. Түзүлгөн комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571-токтому менен бекиген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү Жобосун” жетекчиликке алуу тапшырылсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Т.Балкыбеков