Редакцияот 18.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз XXXVI сессиясы

 

2019-жылдын 18-январы №37/2

Кочкор айыл өкмөтүнүн бош калган каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

 Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл өкмөтүнүн бош калган каражаттарын бөлүштүрүү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 3582689 (үч миллион беш жүз сексен эки миң алты жүз сексен тогуз) сом бош калган каражаты төмөндөгүдөй тармактарга бөлүштүрүлсүн:

 

статья

Башкаруу аппараты

сумма

2215

Кочкор-Тазалык муниципалдык ишканасына 2018-жылга карыз

403873

3111

Корустон үчүн

10000000

3132

Усубалиевдин айкели үчүн

339300

2231

Аппаратка электрия үчүн

660700

2215

Алыскы конуштагы мектеп окуучуларын тартуу үчүн

548816

2221

Видео камера үчүн

180000

2215

Кум шагыл үчүн

250000

2215

Теңдик айылына Таш сарайдагыдары склад суутутукторун оңдоо учун

200000

 

БАРДЫГЫ

3582689-00

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Тѳрага

Т.Балкыбеков