Редакцияот 30.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы

 

2019-жылдын 30-январы №11-7

Кочкор-Ата участкасындагы көлдү баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын негиздеп, депутат О.Темирбаевдин баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата участкасында жайгашкан 0,42 га жердеги көл аянты Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Тѳрага

А.Маканбаев