Редакцияот 18.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2019-жылдын 18-январы №2

Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын 2018- жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жөнүндө

 

Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин аткарылгандыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын 2018-жыл ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын 2018-жыл ичинде аткарган иштериндеги кемчиликтер 6 айлыктын жыйынтыгы менен каралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин билим жана маданият, саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Тѳрага

Жамгырчиева А.А.