Редакцияот 29.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

 

2019-жылдын 29-январы №4

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джаныбековдун 2018-жылдагы аткарган иштери жөнүндө

 

Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын январь-июнь айларында социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Джаныбековдун 2018-жылдын январь-июнь айларында социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жүргүзгөн иши канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. 2019-жылга приоритеттүү багыттар боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага

Т.Койчубаев