Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХ сессиясы

 

2018-жылдын 07-декабры №4

Таштандыларды чыгаруу тарифи жөнүндө

 

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырманчы сессиясы, таштандыларды чыгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турмуш тиричилик таштандыларын чыгаруу кызматы үчүн бир жылдык төлөм 300 (үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөсүн.

 

Тѳрага

Т.Койчубаев