Редакцияот 26.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз XVI сессиясы

 

2018-жылдын 26-апрели №16/2

“Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу жөнүндө

 

Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Обончу жана аткаруучулар Тасмаев Болотбек Рысбековичке жана Шарипов Марат Мырзановичке “Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны” наамдары ыйгарылсын.

2. “Авлетим айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана тулку боюна илинүүчү кызыл тасманы даярдап, тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Укук, мыйзам жана этика” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошов К.) жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.Шырдаков