Редакцияот 20.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы

 

2018-жылдын 20-ноябры №21/6

Авлетим айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн айрым элементтерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Аткарылбай калган жумуштарды өзгөртүү боюнча:

1. Техника алуу үчүн ( өздүк салым) убактылуу аткарылбай турганына байланыштуу каралган акча каражаттарынын эсебинен 80,0 (сексен миң) сом акча каражатын башкаруу аппаратынын сапар чыгымдар статьясына алып барылсын.

2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы Каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин бюджет жана каржы комитетинин төргасына жүктөлсүн.

4. Токтом www.avletim.aksy/kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.

 

Тѳрага

А.Шырдаков