Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №167
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 31-январындагы №91/08-13 «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 6-февралындагы отурумунун №4 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы №57 токтому менен бекитилген «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1. 5-пункт өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
-«Ош шаарынын мэриясынын транспорт маселесин жетектөөчү өкүлү;
-Ош шаардык Кеңешинен 2 депутат;
-Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин өкүлү;
-Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак өлчөмүн көзөмөлдөө Агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын өкүлү;
-Ош шаардык ИИБ боюнча ЖКККБ нын өкүлү;
-ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун өкүлү;
-комиссиянын курамына комиссиянын катчысы добуш берүү укугу менен кирет, ал комиссиянын жыйындарынын иш кагаздарын жана протоколдорун жүргүзөт;
-жүргүнчүлөр менен ташуучулардын кызыкчылыктарын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдун өкүлү».
1.2. 6-пункт өзгөрүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
-«Конкурсту уюуштуруучунун өкүлү комиссиянын төрөгасы болуп эсептелет. Төрага жок болгон учурда, аны орун басары алмаштырат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 9 (тогуз) адамдан турат.
-18-пункттагы “45” деген сан “60” деген санга алмаштырылсын”.
1.3. 45-пункту өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
-«Комиссиянын чечими боюнча конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде конкурстун катышуучулары тарабынан даттануу берилиши мүмкүн.
-Конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде сынактын катышуучусу арыз (даттануу) менен комиссияга кайрыла алат.
-Комиссиянын чечимине карата конкурстун катышуучусунун арызы (даттануусу) комиссия тарабынан эки күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия өзүнүн чечимин жокко чыгарат же күчүндө калтырат».
1.4. Жобо төмөнкү пункттар менен толукталсын:
«45-1. Эгерде конкурстун катышуучусу комиссиянын чечими менен макул болбосо, анда комиссия тарабынан арызды (даттанууну) кароонун жыйынтыгы алган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде ал арыз (даттануу) менен конкурстун уюштуруучусуна кайрыла алат.
-Бул мөөнөт аяктаганда конкурстун катышуучуларынын даттануулары сынактын уюштуруучусу тарабынан каралбайт.
-Арызды (даттанууну) кароо үчүн сынактын уюштуруучусу арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде атайын комиссия түзөт.
45-2. Атайын комиссиянын курамы беш адамдан кем болбошу керек.
Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- конкурсту уюштуруучудан (эки адам)
- конкурстук комиссиясынан (бир адам)
-автоташуучулардын ассоциациясынан (бир адам)
-Ош шаарынын мэриясынын аппаратынан (бир адам).
45-3. Атайын комиссия конкурстун катышуучусунан арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндүн ичинде карайт жана чечим чыгарат.
45-4. Атайын комиссия конкурстук комиссиядан, конкурстун катышуучуларынан, конкурстун уюштуруучусунан жана башка мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча атайын комиссия 45-3-пунктта белгиленген мөөнөттө конкурстук комиссиянын чечимин күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
Атайын комиссиянын чечими маалымкатта чагылдырылат, ага атайын комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
45-5. Атайын комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча конкурстун уюштуруучусу тиешелүү буйрук чыгарат».
1.5. 50-пункт өзгөртүлүп, төмөнкүдөй редакцияда окулсун:
-“Конкурстун жыйынтыктары боюнча маршруттарды тейлөө жана ташуучуга бекитип берүү мөөнөттөрү 5 жылга белгиленет”.
1.6. Жободогу жана анын тиркемелериндеги "сынак", "сыноо" деген сөздөр "конкурс" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|