ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Темир айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2019-жылдын 16-январы №89
Бузуулар боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18 126 буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу» типтүү жобонун негизинде иштелип чыккан Темир айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Темир айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом маасалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облусттук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы өкмөт башчы Б.Т. Байгазаковго тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.О. Урбаев |
|
|
| Темир айылдык кенешинин 2019-жылдын 16-январындагы №89 токтому менен бекитилди
|
Темир айыл аймагындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1.Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинде (мындан ары кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин карайт.
2.Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;