Редакцияот 16.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) XХI сессиясы

 

2016-жылдын 16-августу № 10

Мѳнѳк айылында намазкана үчүн жер тилкесин ажыратуу жѳнүндѳ

Депутаттар Мѳнѳк айылынын тургундарынын айылга намазкана үчүн жер ажыратуу жана куруу жѳнүндѳгү кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мѳнѳк айылынын тургундарынын айылга намазкана үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгѳ уруксат берилсин.

2. Намазкана куруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин табуу жагы айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Айыл чарба, агро-ѳнѳржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо, жаратылышты боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Б. Жунусов