Редакцияот 01.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Маймак айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2018-жылдын 01-декабры №2

Маймак айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ондоо учурунда чирип кеткен эски тактайларды кышында отун менен камсыз кылуу максатында жакыр үй- бүлөлөргө жардам катары берүү үчүн Маймак айылдык Кенеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маймак айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү учурунда чыккан эски чирип кеткен полдун тактайларын Маймак айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында таркатылып берилсин.

 

Тѳрага

Дж.Кудайбергенов