Редакцияот 15.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чангет айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2019-жылдын 15-январы №4

Калта участкасындагы мал суу ичүүчү жайларды оңдоо үчүн АПЗ жасатууга макулдук берүү жөнүндө

 

Чангет айылдык Кенешинин (IV шайланган) кезектүү I-сессиясынын күн тартибиндеги Калта участкасындагы мал суу ичүүчү жайды (ноот) оңдоо үчүн АПЗ жасатуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Калта участкасындагы мал суу ичүүчү жайларды (ноот) АРИС долбоорунун жардамы менен оңдоо үчүн АПЗ жасатууга макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин Айыл чарба,Энергетика Жер жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына жүктөслүн.

 

Тѳрага

Т.Эшиев