ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын кезектүү V сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры №35
Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет айылында жайгашкан фельдшердик-акушердик пункутун Өзгөн райондук ЦСМдин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Чангет айылында жайгашкан фельдшердик-акушердик пункутунун жетекчисинин өтүнүч каты Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-сессиясынын күн тартибинде каралып Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн Чангет айылында жайгашкан фельдшердик-акушердик пункуту Өзгөн райондук ЦСМ дин балансына өткөрүлүп берилсин
2. Мыйзамдаштырып өткөрүп берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |
|
|