ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын кезектүү V сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры №40
Чангет айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин тогуз ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчету жана планга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту кароо жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин тогуз ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчету жана планга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушу Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-сессиясынын күн тартибинде каралып Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Аширбеков Туратбектин тогуз ай ичинде жайыт боюнча аткарган жумушу канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылга бекитилген план өзгөрүүсүз калтырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет, финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |