ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айылдык кеӊешинин IV чакырылышынын кезектүү V сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры №41
Айыл өкмөт балансында турган малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жабдуулардын насыясын айыл өкмөт бюджетинин эсебинен төлөө жөнүндө
Күн тартибиндегималдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жабдуулардын насыясын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен төлөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-отуруму төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл өкмөтүнүн вет адиси А.Чолпонкуловго өткөрүлүп берилген малдарды жасалма жол менен уруктандыруучу жабдуулардын насыясы айыл өкмөт бюджетинин эсебинен төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет, финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |