Редакцияот 28.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2019-жылдын 28-январы №10

Кара-Бак айылынын элинин көрүстөнгө болгон муктаждыгын чечүү жөнүндө

 

Кара-Бак айылындагы “Салкын” базарынын түштүк тарабындагы көрүстөндү тосуу жана шарттарын ондоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы “Салкын” базарынын түштүк тарабындагы мазарга ташталган жердин чиймелери чийилип такталып актсы алынсын.

2. Айыл өкмөтү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдын 18-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн,47-беренесинин 8-9 бөлүмчөсүнүн негизинде иш жүргүзүшү белгиленсин.

3. Көрүстөн ишке киргенге чейин аталган жердеги өсүп турган мөмөлүү дарактардан түшкөн кирешелер көрүстөндүн курулуштарын жакшыртууга жумшалсын,тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана ал жерди карап жүргөн айыл тургундары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.Каламбеков