Редакцияот 08.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезекcиз I сессиясы

 

2019-жылдын 08-февралы №1

Ала-Бука –Шакафтар багытындагы жолго Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каражат кароо жөнүндө

 

Орток-Бел массивиндеги Ала-Бука –Шакафтар багытындагы авто унаа жолуна Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каражат бөлдүрүп, асфальттоо жөнүндөгү жергиликтүү калктын кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көп жылдардан бери жаан-чачындан жана ар түрдүү транспорт каттамынын көптүгүнөн ойдуң-чуңкур болуп, автоунаа каттамына кооптуу абал жаратып, 4 (төрт) айылдык аймактын эли үчүн эң көйгөйлүү маселе болуп келген Ала-Бука –Шакафтар багытындагы авто унаа жолуна асфальт басып оңдоо үчүн, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан каражат кароого макулдук берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Тѳрага

Н.Жакыев