Редакцияот 11.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2019-жылдын 11-февралы №3

Ала-Бука аймактык ооруканасына материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлеринин 19.01.2019-жылдагы № 01-12/35 сандуу өтүнүч катын окуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Бука аймактык ооруканасынын капиталдык ремонтуна материалдык колдоо көрсөтүү менен орулууларга жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, жергиликтүү бюджеттен 167110 ( бир жүз алтымыш жети миң бир жүз он) сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.

 

Тѳрага

Н.Жакыев