Редакцияот 11.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Таш айылдык кеӊешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2019-жылдын 11-февралы №6

Коммуналдык кызмат үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жөнүндө

 

Р.Исаков атындагы орто мектебинин директору Д.Манасовдун 24.01.2019-жылдагы № 01-31/1 кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадрдын жетишсиздигинен Сары-Талаа айылынан келип иштеген орус тили сабагынан мугалим Раманова Гүлзина Кыргызбаевнага 2017/2018-окуу жылында төлөнбөй калган коммуналдык төлөмдөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен 33 000 (отуз үч миң) сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге тапшырылсын.

 

Тѳрага

Н.Жакыев