Редакцияот 29.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ынтымак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

 

2018-жылдын 29-декабры №3

Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижа-рага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30–протоколу жөнүндө

 

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн Айыл чарбасы, муниципиалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү, турак жай салуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №30 –протоколун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 11-13-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145-мыйзамына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартында бектилген №169-токтомуна ылайык Ынтымак айылдык кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каримберди бөлүмүнө курулууга долбоорлонгон канал куруу үчүн «Айыл чарба багы-тындагы жерлер» категориясынан 1,59 га таштуу жайыт жерлерин «Суу фондусунун жер-лери» категориясына (трансформациялоо) которуп берүү жагы Ноокат райондук мамле-кеттик администрациясынан суралсын.

2. Жогоруда аталган жер аянтына тиешелүү болгон юридикалык документтерди даярдоо жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалы-гынан суралсын.

3. Каримберди бөлүмүнө курулууга долбоорлонгон каналга архитектуралык документте-рин даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы-нан суралсын

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшы-рылсын

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кенешинин жер, суу, электр энергия жана жолдор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

А. Абдикулов