Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы №34/2
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6 пунктуна, Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 10-декабрь 2018-жылдагы № 08-1076 сандуу катына ылайык, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын катаал климаттык шарттын эске алып, жер аянттарын пайдлангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага | У.Мокешов |
|
|