Редакцияот 18.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХХIV сессиясы

 

2019-жылдын 18-февралы №34/4

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусу жөнүндө

 

Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикемесинин жалпы бюджеттинин 3 төн 1 бөлүгү жайыт инфраструктурасын көтөрүүгө жайыт пайдалануучулар бирикмесине калтырылсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Тѳрага

У.Мокешов