Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2018-жылдын 19-декабры №20/11

Жылдын мыкты айыл башчысы наамын берүү жөнүндө

 

Семиз-Бел айылынын башчысы Намазбек уулу Бектурсунга айылдын элин коомдук иштерге активдүү катышуусун уюштурууда жана айылдын ѳнүгүшү үчүн кошкон салымы үчүн, «Мыкты айыл башчы наамын» берүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Семиз-Бел айылынын башчысы Намазбек уулу Бектурсун «Мыкты айыл башчы» наамына сунушталсын.

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кенешинен суралсын.

 

Тѳрага

Р.Базаркулов