Редакцияот 19.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2018-жылдын 19-декабры №20/14

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы клубду дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүү жѳнүндѳ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындгы клубду дем берүүчү үлүштүк грант менен 3 000000 (үч миллион ) сомго капиталдык ремонттон өткөрүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 450000 (торт жуз элүү мин) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы клубду капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна каражат 2019-жылдын бюджетине каралып, бөлүнүп берилсин.

2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Р.Базаркулов