Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №2
Исфана шаар мэриясынын мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун “Келечек планын” бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык КеңешининV чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун “Келечек планы” тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |
|
|
| Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын 2019-жылдын 31-январындагы кезектеги XXI сессиясынын № 2 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаар мэриясынын «Мамлекеттик фондунун жерлерин» пайдалануунун
КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ
«Мамлекеттик фондунун жерлерин» ижарага берүүнун тартиби башкаруу Келечек пландын негизинде жургүзүлөт, ал эми «Келечек план» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2007-жылдын 22-июлундагы №243 токтомуна 2016-жылдын 8-ноябрындагы №599 токтому менен киргизилген толуктоолорду жана өзгөрүүлөрү менен бекитилген Типтүү жобонун 16-пунктуна ылайык жергиликтүү Кенештер тарабынан бекитилет.
«Мамлекеттик фондунун жерлерин», «Келечек планы» боюнча:
-аукцион аркылуу берилүүчү экономикалык жактан кызыктырган жерлер
-конкурс аркылуу берилүүчү инвистициянын талап кылуучу жерлер
-талап болгон жерлердин зоналары
-социалдык муктаждарга жана үрөн-асыл тукум өндүрүүчу чарбалык субъектерге, айыл чарба коорпаративдерине мамлекеттик фонддун жерлеринен жалпы аянттарынан 20% жер ажыратылат.
Исфана шаар мэриясында жалпысынан мамлекеттин жер фондунун аянты 1398га тузөт, алар түрлөру боюнча:
- сугат айдоо жер аянты-164 га
- кайрак айдоо жер аянты – 917,0 га
- чоп чабынды жер аянты – 232,0 га
- көп жылдык бак дарактар аянты – 85,0 га
1.Сугат айдоо жер аянтынын 7 участкада 17 контурда 165,05 га жайгашып, 2 участкадан 3,05 га жер аянты жер реформасы мезгилинде улуш жерге аныкталып берилип кеткен, 2,0 га жер Жайылма учаскасынан кенейтилип айдоодон кошулган. Азыр пайдаланууда 164,0 га жер турат.