Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №3
Исфана шаар мэриясынын Статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндөгү Келишимин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясы жана Лейлек райондук статистика бөлүмүнүн статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Келишими тиркемеге ылайык бекитилсин. (Келишим тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ 1. Келишимдин тараптары 1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Лейлек райондук мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы) атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Лейлек райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жонундогу жобонун негизинде иштеген (аты-жөнү) Туракулов Бахтиёр Хазраткулович, биринчи тараптан жана экинчи тарабынан Исфана шаардын мэриясы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын толук аталышы) атынан мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деп аталуучу Исфана шаары жонундогу жобонун негизинде иштеген (аты-жөнү) Хамраев Абдивали Набиевич, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. 2. Келишимдин шарттары 2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Лейлек райондук мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) Исфана шаардын мэриясы (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы), статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; |