Редакцияот 22.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын сессиясы

 

2019-жылдын 22-январы №3

Давлеталиев Сулайманкул жөнүндө

 

Долоно айыл аймагында көп жылдар бою агартуу тармагында эмгектенип, балдарга билим тарбия берүүдө талыкпай иштеген Давлеталиев Сулайманкул агайдын иштеген ишин даңазалоо максатында айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Орто-Арык айылынын кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Долоно айыл аймагында көп жылдар бою агартуу тармагында эмгектенип, балдарга билим тарбия берүүдө талыкпай иштеген Давлеталиев Сулайманкул агайдын иштеген ишин даңазалоо максатында айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Кошоев