Редакцияот 22.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын сессиясы

 

2019-жылдын 22-январы №5

Орто-Арык айылына кичи футбол аянчасын куруу боюнча

 

Швейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен «Инфекциялык эмес оруулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу» проектисинин алкагында жаыяланган конкурска катышып, Орто-Арык айылына кичи футбол аянтчасын куруу боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Швейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен «Инфекциялык эмес оруулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу» проектисинин алкагында жарыяланган конкурска катышууга макулдук берилсин.

2. Кайрылууда көрсөтүлгөн өздүк салымды чогултуу Орто-Арык айылынын тургундарына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин депутаттары Ж.Токталиевке жана Б.Рыспековко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Кошоев