Редакцияот 20.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын ХХII сессиясы

 

2018-жылдын 20-ноябры №3

Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин мүдүрү А. Атакулованын кайрылуусу жөнүндө

 

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII - сессиясы Б.Сатыбеков атындагы орто мектебинин мүдүрү А. Атакулованын кайрылуусун карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин аянтында жайгашкан өсүү курагы жетилип калган, жараксыз абалдагы тал-теректерди кыюууга уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнүн ЖКХ боюнча адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.

2. Кыйылган тал-теректер айыл аймагындагы аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен таркатылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Андакулов У.