БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын ХХII сессиясы
2018-жылдын 20-ноябры №4
Боо-Терек айыл аймагындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн короосуна электр трансформатор подстанциясын орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII - сессиясы Боо-Терек айыл аймагындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн короосуна электр трансформатор подстанциясын орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагын карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн короосуна электр трансформатор подстанциясын орнотуу үчүн 16 (он алты) метр квадрат жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ЖКХ боюнча адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|