КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III сессиясы
2018-жылдын 10-августу №14
Н.Үсөналиев орто мектебинин жаңы ачылган класска бюджеттен акча бөлдүрүү жөнүндө
Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев орто мектебинин жаңы ачылган 2 класска инвентарь алганга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча бөлдүрүү максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев орто мектебинин жаңы ачылган 2 класска инвентарь алганга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 136312 сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|