КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 22-октябры №1
Чөп катары чабылып кеткен дан эгиндери жөнүндө
Казыбек айыл аймагында 2018-жылы 125 гектар арпа айдалып, мунун 55 гектары быйылкы жыл кургакчыл болуп жашыл тоют аз болгондуктан чөп катары тоютка чабылып кеткендиктен, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Быйылкы жыл кургакчыл болуп жашыл тоют аз болгондуктан 55 гектар арпа аянты чөп катары тоютка чабылып, актылары түзүлүп уруксат берилгендиги белгиленсин.
2. Чөпкө чабылган 55 гектар арпа аянты статистикалык отчеттуулуктан чыгаруу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы жер жана айыл чарба боюнча башкы адис М. Шермамбетовго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|