Редакцияот 05.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Казыбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2018-жылдын 05-ноябры №1

Андабеков Сейитказынын ысымын Казыбек айылынын бир көчөсүнө ыйгаруу жөнүндөгү Чечимди жокко чыгаруу жана жаңы ат берүү жөнүндө

 

Казыбек айылдык Кеңешинин 3-шайланышынын 11-сессиясынын 12-июнь 2002-жылдагы № 2/ 2 Чечимин жокко чыгаруу максатында , айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Андабеков Сейитказынын ысымын Казыбек айылынын бир көчөсүнө ыйгаруу» жөнүндөгү 12.06.2002-жылдагы № 2\2 Чечими жокко чыгарылсын.

2. Андабеков Турусбек жана Абылгазиев Максаттын үйүнөн баштап түндүк тарапты көздөй көчөнүн аягына чейин «Андабеков Сейитказы» атындагы көчө болуп аталсын.

3. 2021-жылга чейин эл жана турак-жай фондун каттоо жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу көчөлөргө жаңы ат берүүгө мораторий жарыялангандыктан, айылдык Кеңештин бул токтому 2021 - жылдын 1-январынан баштап , КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 Токтомунун негизинде мораторий алынгандан кийин күчүнө кирет.

 

Тѳрага

Д. Кайыпов