Редакцияот 16.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Арал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2019-жылдын 16-февралы №161

Жумушчу орун түзүү жана жаңы түзүлгөн жумушчу орундарды каржылоо жөнүндө

 

2019-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын негизинде республикалык бюджеттен каржыланып, капиталдык ремонттон өтө турган Арал айылындагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө капиталдык ремонт иштери аяктагандан кийин иштөөгө 4 жумушчу ордун түзүү жана ачылган жумушчу ордуларын каржылоо жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын негизинде республикалык бюджеттен каржыланып, капиталдык ремонттон өтө турган Арал айылындагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө капиталдык ремонт иштери аяктагандан кийин иштөөгө 4 жумушчу орду түзүлсүн жана ачылган жумушчу орундарынын эмгек акылары жергиликтүү бюджеттен каржылансын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Н.Т.Асанов