Редакцияот 25.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

2018-жылдын 25-декабры №18/9

Кадамжай районунун прокуратурасынын 24.12.2018-жылдагы №11/2131-18 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кадамжай районунун прокуратурасынын 24.12.2018-жылдагы №11/2131-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн талабына ылайык Көтөрмө айылдык кеңешинин 29.12.2014-жылдагы “Кызыл-булак айылынын тургуну Нурмаматова Токтого Коксал Топтан атындагы мектебинин эсебиндеги 33 ч.м. жер аянтына жеңил конструкциядагы же болбосо контейнер коюу менен кичи дүкөндү ачуу жөнүндөгү” 16/4 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

Тѳрага

Айтмат уулу Акжол