Редакцияот 13.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2019-жылдын 13-марты №20/5

Жеке ишкер Кудайбергенов мураттын ГЭС куруу үчүн жер сураган арызын карап чыгуу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке ишкер М.Кудайбергенов сунуштаган “Караказык чакан ГЭС” долбоору жактырылсын.

2. “Караказык чакан ГЭС” долбоорун ишке ашырууга жана ага тиешелүү жер аянтын ажыратып берүү үчүн мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер турак жай маселелери боюнча комиссияга тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Айтмат уулу Акжол