Редакцияот 08.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 8-ноябры № 39

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. З.Темировду ээлеген кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндө

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким К.Салиховдун Кара-Бак айыл окмотунун башчысынын м.а. З.Темировдун ээлеген кызматынан бошотууга айылдык кенештин депутаттары макулдук берүү жөнүндөгү 24.10.2016-ж №01-22/1240 сандуу сунушунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Темиров Закир Ибраимовичти ээлеген кызматынан бошотууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Камиловго жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Каламбеков