Редакцияот 18.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 18-августу № 16/11-28

“Ижарага берилген жерлердин баштапкы акысы жөнүндө”

Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси С. Адиковдун жана жер боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөттүн бюджетин толуктоо максатында – айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы акысын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Кочкорбаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүүнүн баштапкы акысы  1гектарына:

-Сугат жерлерине – 5000 сом.

-Кайрак жерлерине – 2000 сом.

-Көп жылдык көчөттөргө – 1000 сом

-Чабык жерлерге – 500 сом.

2. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөгү, аукционго катышуу үчүн баштапкы акысы 15 % дан бекитилсин.

3. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча   комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:

- Бейшебаев Т.- айылдык кеңешинин депутаты.

- Машкин И.- айылдык кеңешинин депутаты.

- Токбергенов Э. – айылдык кеңешинин депутаты.

- Керимкулов Э.- Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы.

- Адиков С.- айыл өкмөттун жер боюнча башкы адиси.

- Коонбаев Б.- Буденовка айыл башчысы.

- Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.

- Суюнтбекова Л.- айыл өкмөттүн жооптуу катчысы.

- Айткулов А.- Д.Курманалиева айыл башчысы.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык кеңешинин жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э. Койчукеев