Редакцияот 23.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 23-декабры № 165/ ХХIII-27

Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адистин 2020-жылда аткарган иш аракеттери боюнча отчету жөнүндө

Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Ч. Бейшекееванын 2020-жылда тартылган инвестициялар боюнча берген отчетун угуп  жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык Кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ч. Бейшекееванын  айыл аймагына 2020-жылда тартылган инвестицилар боюнча аткарган иш аракеттери канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.  

 

Төрага

Албекенов.А. Б